Марал Радиосу

Бийликти басып алууга шектелгендердин төртөө камакта калды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «бийликти күч менен басып алууга аракет көргөн» деген шек менен кармаган беш адамдын төртөө эки аптага тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 7-июнда кармалгандардын баш коргоо чарасы каралган. УКМКнын тергөөчүсү төрт адамды 21-июнга чейин камакка алуу, бирөөнү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн берген. Сот суранычтарды толук канааттандырган.

Айта кетсек, кечээ, 6-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалганын, алардын башында «Элдик кеңеш» саясий партиясынын төрайымы турганы тастыкталганын кабарлаган.

Айрым интернет басылмалар кармалгандардын бири «Элдик кеңеш» саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова, бири «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков, бири Жусуп Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу Чолпонбек Сыдыкбаев экенин жазышууда.

УКМК: Бийликти басып алууга шектүүлөр кармалды (видео, аудио)

Exit mobile version