Марал Радиосу

Балдардын интернет колдонуусуна чектөө киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында айрым мыйзам актыларына, тагыраагы, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине, «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган долбоор каралып, биринчи окууда колдоо тапты. Анда балдарга зыяндуу маалыматтарды интернет булактарынан чектөө маселеси каралган. Талкуу маалында депутаттар балдардын туура маалымат алуусуна ата-энелер жооптуу экенин белгилешсе, экинчи тарап Санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу чектөө киргизүү керектигин белгилешүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин шаршембидеги жыйынында балдарды ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Баяндама жасаган демилгечи депутат Жамиля Исаева билдиргендей, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун талап кылат.

Исаеванын айтымында, учурда балдар компьютер оюндары, өзгөчө интернет тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан сунушталган мыйзам долбоору балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ата-эненин балдарды тарбиялоодогу, жаман менен жакшыны ажыратууну үйрөтүүдөгү жоопкерчилигин эске салды. Ошону менен бирге эл өкүлү ишке ашыруунун так механизми жок демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүндүгүн, өлкө эртең Ооганстанга айланып калуу коркунучу бар экендигин эскертти.

Мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, аны бузган жеке жактарга 2 миң сомдон, юридикалык жактарга 10 миң сомдон, ал эми зыяндуу материалдар маалымат каражаттарына же интернетке жарыяланса, 5 миңден 25 миң сомго чейин айып пул салынат.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева Meta Platforms Inc компаниясына таандык Facebook жана Instagram социалдык тармактары жана WhatsApp мессенжери аркылуу жайылган маалыматтарга бөгөт коюуга техникалык мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанда зыяндуу маалыматтарга кандай чектөөлөр коюла турганын айтып берди:

«Социалдык тармактар делген Фейсбук, Инстаграм, Тик-Ток жана Ватсап аркылуу тараган маалыматтарга эч кандай техника чектөө кыла албайт. Биз муну эске алышыбыз керек. Мыйзам кабыл алынып калса, жумушчу топ түзүлүп, Маданият министрлиги тарабынан кайсы сайттарга же баракчаларга бөгөт коюу боюнча корутунду чыкса, биз байланыш операторлоруна кат түрүндө билдирүү жиберебиз. Алар ошонун негизинде бөгөт коюуну милдеттүү түрдө аткарышат. Эгерде аткарылбаса, ИИМ тарабынан айып пулдар салынат». 

Депутат Шайлообек Атазов балдарга интернеттик чектөө киргизүү боюнча коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасына кызыкты.

Ага жооп катары санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева Өзбекстанда интернетте байкоо жана талдоо жүргүзүү боюнча атайын координациялык борбор иш алып барарын белгиледи.

Ал эми депутат Жанар Акаев улутту сактоо үчүн бардык нерсеге тыюу салуу туура эмес экенин белгилеп, бөгөт койгондон кийин ага атаандаш боло ала турган бир нерсени сунуштоо керектигин айтты.

«Парламенттин VI чакырылышында да «тыюу салуу керек, жабуу керек» деген мыйзам долбоорлорун көп кабыл алып, бардыгынын кесепети тийди. Улуттук баалуулуктардын сакталышы, балдардын келечеги үчүн макулбуз, бирок ар бир нерсеге акырындык менен тыюу сала бергендин аягы жакшы болбойт. Бир нерсеге тыюу салдыкпы, ордуна башка нерсе сунуштайлы. Балдардын эң сүйүктүү «Керемет көч» деген көрсөтүүсү бар эле. Ютубда ар бир берүүсүн миллиондон ашык бала көрчү. Эмне үчүн аны улантып тартууга акча бөлүп койгон жоксуңар? Анын баарын ЮНИСЕФ каржылап жасап бербедиби? Эми эки жакты карап, таразалоо керек. Буга чейин Гүлшат Асылбаева деген депутат Фейсбуктагы билдирүүлөрдү көзөмөлдөө боюнча мыйзам жазды, бирок бүгүн ал мыйзам иштеген жок. Биз келечекте «тыюу керек, антиш керек, минтиш керек» деп мораль окуй бергенди токтотушубуз керек. Баланын тарбиясы үчүн ИИМ менен Санарип министрлигинен мурда кам көрө турган ата-эне бар. Баарыбыз балдарды кайсыны көрүп-көрбөө керектигин айтабыз да. Анан силер эле Тик-Токтордон жарым жылаңачтарды каяктан таап көрүп жатасыңар?».

Депутат Камила Талиева, Балбак Түлөбаев, Айбек Осмонов мыйзам долбоорун колдоп, азыркы заманда ыкчам кадамдарды талап кылган коркунучтар көп экенин белгилешти.

Exit mobile version