Бүгүн, 7-июнда «Ала-Арча» резиденциясында Катар менен Кыргызстандын министрлеринин кең форматта жолушуулары башталды.
Анын алкагында кызматташтык боюнча документтерге кол коюлууда. Алгач маданият тармагындагы кызматташуу, маданий борборлорду түзүү боюнча документке кол коюлду.
Жалпысынан 16 документке, тагыраагы, билим берүү, медицина, айыл чарба, энергетика, каржы рыногу, инвестиция, транспорт, бажы тармагы жана маданий-гуманитардык багыттары боюнча бир катар документтерге кол коюлары айтылды.
Айта кетсек, Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани кечээ эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгына карата мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген.