Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 7-июнга караган түнү өлкөнүн аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облустарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,
Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 35…37.