Биз менен байланышыңыз

УКМК: Вебкам-студия иштеткен Ажиев качып баратканда кармалды (видео)

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 2281 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Э.А. аттуу жарандын арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Д.А. жетектеген вебкам-студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Вебкам-студиянын оператору эмгек тартиби бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал өзүнө карата күч колдоном деп коркутуп, 2000 АКШ долларын талап кылганын айтып, арызданган.

Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү кызмат көрсөтө тургандарды чет мамлекеттердин аймагынан тартышкан. Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Д.А. өзү Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткан жеринен Өзбекстандын аймагынан кармалды.

УКМК менен Өзбекстандын күч органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 4-июнда Д.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM