Марал Радиосу

Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 5-июнда белгилүү кинорежиссёр, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачылды. Ал Бишкек шаарындагы Октябрь кинотеатрынын жанына орнотулду.

Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 69 жашында каза болгон. Быйыл ал 84 жашка толмок.

Эске салсак, Дооронбек Садырбаев 70 даректүү фильмдин, 16 көркөм жана теле фильмдин, 7 прозалык, поэтикалык, публицистикалык китептин автору. Анын көркөм тасмалары эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдардын жеӊүүчүсү болгон. Андан тышкары мамлекеттик саясатка, өлкөнүн өнүгүшүнө, калк турмушуна байланыштуу 500дөн ашуун курч макалаларды жазган.