Марал Радиосу

Баткенде кайрымдуулук фонду мечит, окуу борбору жана ФАП курду

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына фельдшердик пункт, жаштар окуу борбору жана мечит курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык имараттардын курулушуна кеткен 7 млн 300 миң сомду толугу менен «Ассанабил» кайрымдуулук фонду каржылаган.

Имараттардын ачылышына «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун президентинин орун басары Недал Кундиль, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид Юнусов, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты.