Марал Радиосу

Аба ырайы: Эртең айрым аймактарда жаан жаашы мүмкүн

Эртең, 5-июнда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз айрым аймактарда, тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16… 21, күндүз 32… 37;

Талас облусунда түнкүсүн 10… 15, күндүз 28… 33;

Чүй облусунда түнкүсүн 15… 20, күндүз 30… 35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7… 12, күндүз 20… 25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3… 8, күндүз 18… 23 градус ысык болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17… 19 градус жылуу, күндүз 33… 35 градус ысык болот.