Марал Радиосу

«Ала-Арча» жаратылыш паркы төрт күнгө жабылат

«Ала-Арча» жаратылыш паркы 6-июндан 10-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу парктын жетекчилиги маалымдады.

Паркты жабуунун себеби санитардык тазалоо иштерине байланыштуу экени айтылды. Мындан улам эс алуучулар паркка киргизилбейт.

«Ала-Арча» капчыгайы Кыргыз Ала-Тоо кыркасында деңиз деңгээлинен 1600—4860 метр бийиктикте жайгашкан. Капчыгайды паркка айландыруу 1976-жылы 29-апрелде Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен ишке ашкан. Мамлекеттик мекеме катары эсептелип, Президенттин иш башкармалыгына карайт.