Марал Радиосу

Германия медициналык тейлөөнү жакшыртууга 4,5 млн евро берет

Министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосунда каржылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, келишимге экономика министри Данияр Амангелдиев жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэлла Гелил кол койду.

Бул келишим энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шарттарын жана сапатын жакшыртууга чоң салым кошот. Келишимдин суммасы 4,5 млн еврону түзгөн. Бул каражаттардын алкагында учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы Перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа Биримдиги аркылуу кызматташуунун жаңы форматынын оң динамикасын жана келечегин белгилешти.

Exit mobile version