Марал Радиосу

Туризм фондунун жетекчиси 22-июлга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникованы камакта калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Айыпталуучунун жактоочусунун өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды. Елена Калашникова 22-июлга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан аталган фондго Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен иш козголгон. 28-апрелде Елена Калашникованын үйү УКМК тарабынан тинтүүгө алынган. 18-майда Атайын кызмат Калашникова жана фонддун вице-президенти камакка алынганын билдирген.

УКМКнын маалыматында фондго бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнгөнү, бирок каражат максатсыз пайдаланылганы айтылат.