Марал Радиосу

Оштогу жол кырсыктан үч өспүрүм каза тапты

1-июндан 2-июнга караган түнү Кара-Суу районунун Озгур айылында жол кырсыгы катталып, үч өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.

Алар:

— Т.Б., 2006-жылы туулган, Озгур айылынын тургуну, Кара-Суу районунун «Ак-Буура» мектебинин бүтүрүүчүсү, алгачкы маалыматка караганда, рулда болгон;

— Т.К., 2008-жылы туулган, Озгур айылынын тургуну, Ош шаарындагы С. Алымкулов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу;

— К.Н., 2008-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну, кказа болгон Т.К.нын (айдоочу) үйүнө конокко келген.

Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу Т.Б. атасынын унаасын уруксатсыз айдап кеткен. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.