Марал Радиосу

Быйыл «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулуна 6 млрд сом бөлүнгөн

2023-жылга карата 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун төлөөгө 6 млрд сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, жөлөк пулдун өлчөмү 1200 сомду түзөт.

«Социалдык коргоо органдары үй-бүлөнүн кирешесинин негизинде жөлөк пулдун эсебин чыгарышат», — деп айтылат маалыматта.