Марал Радиосу

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди.

Тажикстандын президентин «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат.