Марал Радиосу

Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурациясына чакырды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Маалыматка караганда, Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, түрк элине өнүгүүнү каалады.

Түркиянын президенти Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырганы кабарланды.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.

Түркияда 28-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Режеп Тайип Эрдоган жеңип чыккан. Эрдоган добуштардын 52,14% алган. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болгон.

Түркияда жалпы шайлоочулардын саны 60 млн 769 миң 268. Биринчи турдагы добуш берүүдө шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу дээрлик 90%ды түзгөн. Ал эми 2-турда шайлоочулардын катышуусу 85% болду.