Марал Радиосу

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу уланууда

Бишкектин Манас проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объекттерди демонтаждоо уланууда.

Жеринде мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте иш алып барууда.

Манас проспектисинин чыгыш тарабында (көпүрөнүн үстүндө) муниципалдык аймакка чыгып турган тепкичтер жана бастырмалар демонтаждалат. Мындан тышкары жарнамалык конструкциялар, белгилер жана стеллалар алынат.