Марал Радиосу

Жалал-Абадда 170 балага акысыз оюн-зоок уюштурулду

Жалал-Абад шаарында 170 балага акысыз оюн-зоок уюштурулуп, таттуулар берилди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата шаардагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган 170 бала «Жеңиш» эс алуу паркындагы аттракциондордо акысыз ойношту. Ошондой эле балмуздактар таратылды.

Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелери үчүн майрамдык дасторкон жайылып, белектер тапшырылды.