Марал Радиосу

Орусияда 7 млн рубль уурдады деп соттолгон кыргызстандык аял бошотулду

Жети миллион рубль уурдаган деген айып менен соттолгон Кыргызстандын жараны Айнагүл Борбуева Орусиянын Новосибирск облустук соту тарабынан бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

31-майда сот кыргызстандыктын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, аны сот залынан бошотту.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Новосибирск шаарында иштеп жүргөн Айнагүл Борбуева Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук) ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында Орусиянын жараны В.С. 2021-жылы 4-ноябрга караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы кыргызстандык Борбуева алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту Борбуевага карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болгон.