Марал Радиосу

Дарыгер футболчулар байгесин балдарды реабилитациялоо борборуна которот

Медицина кызматкерлеринен куралган «Ден соолук» футбол командасы «Мурас» турниринде уткан 400 миң сомду ден соолугу өксүк балдарды дарылоо борборуна которот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Чечимди министрлик 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата турнирдин катышуучулары менен кеңешип кабыл алган. Мындагы максат ден соолугу өксүк балдарды коргоо, аларга кам көрүү экени айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 27-28-майда футбол боюнча «Мурас» достук турниринин кезектеги оюндары өтүп, «Ден соолук» командасы чемпион аталган. Аларга Кубок менен бирге 400 миң сомдук сертификат тапшырылган.