Марал Радиосу

Кыргызстандын жарандары Мальдивде бир ай визасыз жүрө алат

Президент Садыр Жапаров «2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Малдив Өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 3-майында колдоп берген.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жана Малдивдин мамлекети уруксат берген кызматтагы жарандары, атайын өкүлдөрү мындан ары бири-биринин аймагына 30 күн визасыз кире алат.