30-майда өткөн республикалык жаштар форумунда маданият, билим берүү, коомдук-саясий маселелер талкууланды.
Иш-чарага ар кайсы окуу жайлардан 200дөй жаш лидер, андан тышкары профессорлор, маданият ишмерлери жана саясатчылар катышты. Алар жаштардын жүрүм-туруму, ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролу, дүйнөлүк саясатта, глобалдык деңгээлдеги коммуникация жана социалдык медиа деген темаларда пикир алмашып, сунуштарын беришти.
Жаштар форумуна катышкан студент Нуриса Керимкулова форум бир гана жаштарга эмес, окутуучуларга да багытталганын, эгер мугалим канчалык тажрыйбалуу жана заман талабына ылайык кесипкөй болсо, андан билим алган жаштар да коомдун өнүгүүсүнө салым кошо ала тургандай болуп тарбияланарын айтат.
Форумдун максаты улуттук баалуулуктарды сактап калуу, жаштарды мекенчилдикке, адамгерчиликке, ыймандуулукка, билимдүүлүккө багыттап, коомдогу ордун өнүктүрүү, өлкөнүн эгемендигин жана бүтүндүгүн, улуттук биримдигин, этностор аралык мамилелерин өркүндөтүү болуп саналат. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов билдирип, буларга токтолду:
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов азыркы ааламдашуу жана санариптешкен заманда жаштар арасында улуттук иденттүүлүктү сактап калуу маанилүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу жаңы окуу жылынан баштап, ар бир мектепке нарк сааттары киргизиле турганын маалымдады.
«Жаштар – өлкөнүн келечеги» деп айтылганы менен мамлекет алардын билимин өнүктүрүү, шарт түзүп берүү жаатында аксап келе жатканын талдоочулар белгилешет.
Акыркы жылдары тенденция жана жаштардын дүйнө таанымы өзгөрүп, алардын чет өлкөлөргө кетип окуу же иштөө максаттары күч алууда. Мурдагы жаштар чет жакка кетип, өз Мекенине кайдыгер жасап келсе, бүгүнкү жаштар «башка өлкөдөн иштейм, окуйм» дегендери менен мамлекетке зор салым кошууну ниет кылышууда.
Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин үчүнчү курсунун студенти Күмүшбек Баатырбаев бүгүнкү форумдан көп жаңы нерсени үйрөнгөнүн, баяндамалар жалпак тилде жасалып, түшүнүү оңой болгонун айтты.
Мындан сырткары Кыргыз улуттук филармониясынын алдында түзүлгөн «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли чакан концерт тартуулады.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндөгү калктын 16%ын 15 жаштан 24 жашка чейинкилер түзөт, тагыраагы, Жер шарында ушул курактагы 1,2 миллиард адам бар. 2030-жылга чейин жаштар дагы 7 пайызга көбөйөрү, 1,3 миллиард адамга жетери болжолдонууда.
Ал эми Кыргызстан калкынын 24%ын 14-28 жаш аралыгындагылар түзөт, тактап айтканда, өлкөдө 1 млн 593 миң ушул курактагы жаран бар. Мунун ичинен 51%ы уландар, 49%ы кыздар экени расмий айтылган. Аймактар боюнча алганда, жаштары көп аймак катары Нарын, Талас жана Ош облустары, аз аймак катары Ош жана Бишкек шаарлары эсептелет.