Марал Радиосу

Жыл башынан бери өлкөдө керектөө баалары 4,2%га жогорулады

Улуттук банк эсептик чен-өлчөмүн 13% деңгээлинде сактап калды. Банктын маалыматына карагаганда, Кыргызстандын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар мурдагыдай эле туруксуз болууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө инфляциянын деңгээли жогору болору болжолдонууда. 

Улуттук банк эсептик чен-өлчөмүн 13% деңгээлинде сактап калуу боюнча чечим кабыл алганын банктын байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов айтты.

Анын маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүшү 4,4 пайызды түздү.

«Улуттук банк башкармалыгы 29-майда эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды, чечим бүгүндөн тарта күчүнө кирет. ИДПнын жалпы көлөмүнүн өсүшү экономиканын негизги тармактарынын, айрыкча, кызмат көрсөтүүлөр секторунун оң көрсөткүчтөрү менен камсыздалат. Салык-бюджет жана акча-кредит саясатынын өз ара аракети орто мөөнөттүү келечектеги инфляциянын туруктуу динамикасы үчүн аныктоочу факторлордун бири болуп эсептелет. Ички суроо-талап реалдуу эмгек акынын туруктуу өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшү менен шартталат».

Улуттук банктын өкүлү жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 4,2 пайызга жогорулап, инфляция деңгээли жылдык мааниде 11,2 пайызды түзгөнүн белгиледи.

Ал күндөлүк инфляциянын калыптанышына айрым административдик баалардын кайра каралышы, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын турукташуусу таасирин тийгизгенин айтты.

«Улуттук банк тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардын натыйжасында, акча жана валюта рынокторундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда. Учурдагы акча-кредит шарттарын колдоо улуттук валютадагы аманаттарга болгон суроо-талапты сактоого жана калктын каражат топтоосуна өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет. Кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлор мурдагыдай эле сакталып турушу күтүлөт. Күтүлүп жаткан инфляция деңгээли тышкы шарттар менен катар эле ички факторлордун да таасиринде калыптанат, анын ичинен ички суроо-талаптын акырындап көбөйүшү, ошондой эле бир катар тарифтердин жана акциздердин жогорулашы негизгилерден болуп саналат. Ошол эле учурда дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын динамикасы боюнча оптимисттик болжолдоолор ички баалардын өсүшүнө ооздуктоочу таасирин тийгизиши күтүлөт».

Улуттук банк былтыр март айында эсептик чен-өлчөмүн 14%га чейин жогорулаткан. Анда бул инфляциялык процесстердин алдын алуу чараларынын бири экени, абал турукташканда эсептик чендин көрсөткүчү төмөндөтүлөрү түшүндүрүлгөн.

Эсептик чендин көтөрүлүшү банктардагы насыя жана депозиттердин пайызы жогорулайт дегенди билдирет.

«Учурда орун алып турган шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен-өлчөмүн 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты мурдагыдай эле Кыргызстанда инфляция деңгээлин орто мөөнөттүү мезгилдеги максаттуу көрсөткүчкө чейин төмөндөтүүгө багытталган. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда банк жүргүзүп жаткан саясатына кошумча оңдоп-түзөөлөрдү киргизиши мүмкүн. Мекеме түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат. Ал эми зарыл болгон учурда акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт жана кошумча ыкмаларды колдонот».

Быйыл апрель айында да эсептик чен-өлчөм 13 пайыз болгон.

Мындан сырткары банк сомдун курсун туруктуу кармоо максатында өткөн жумада валюта базарына 62 млн доллар сатты. Буга чейин башкы банк 14-апрелде 46 млн доллар интервенция жүргүзгөн. Муну менен быйылкы жыл башынан бери акча базарына сегиз жолу АКШ доллары чыгарылып, жалпы суммасы 502 млн 540 миң сомду түздү.

2022-жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жүргүзүп, 486 млн доллар сатып, кайра 190 млн доллар сатып алган.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Exit mobile version