Марал Радиосу

Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат

Бишкектен Түштүк Кореянын борбору Сеулга аба каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 11-июндан тарта Сеул — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачат.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат — учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде.

Үзгүлтүксүз каттамдар Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу аткарылат.