Марал Радиосу

УКМКнын дагы бир административдик имаратынын курулушу башталды

Бүгүн, 29-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКны жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды.

Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи.

Мындан тышкары ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти.