Биз менен байланышыңыз

Ковидде иштеп, кенемте ала албай калган дарыгерлер

Коом | 26 мая 2023 | 389 | 0

№15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери пандемия учурунда «кызыл зонада» иштеп, COVID-19 жугузуп алышканын, бирок Өкмөт убада кылган кенемте ушул кезге дейре берилбей келерин айтышып, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты. Алардын айтымында, оорукананын жетекчилигине  документтерди, анализин, текшерүүнүн жыйынтыгын тапшырышкан, бирок кийинчирээк анын баары белгисиз себептер менен жоголуп кетип, жетекчилик кенемте төлөп берүүдөн баш тарткан. Аны менен катар дарыгерлер медкызматкерлерге кенемте туура эмес бөлүштүрүлгөнүнө нааразы болушууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлер коронвирустан жабыркаганы боюнча бир да далил келтире алышпаганын жүйө катары карманууда.  

Бишкектеги №15 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медкызматкери Светлана 2020-жылы «кызыл зонада» иштеп жүрүп, коронавирус жугузуп алган. Мындайда ага өкмөт тарабынан кенемте төлөнүп берилмек. Бирок ал бардык керектүү документин топтоп, жетекчиликке тапшырганы менен акчасын эмгиче алалбай келет.

«2021-жылы эмгек өргүүдөн кийин жумушка чыкканымда, айрым кызматкерлерге компенсация төлөнгөнүн угуп калдым. Мен да кенемте алуу үчүн бардык документти буга чейин өткөрүп бергениме байланыштуу директорго барып: «Эмне үчүн «кызыл зонада» иштебеген кызматкерлер кенемте алды, бизге берилген жок?» — деп сурадым. Ал биздин документтер жоголуп кеткенин жана ооруганыбыз жөнүндө маалымат, далилдер эч жерден табылбай жатканын айтты».

Саламаттыкты сактоо министрлигинин №298 буйругуна ылайык, COVID-19 жугузуп алган жана ооруган дарыгерлерге 200 миң сом, ал эми каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом төлөнүп берилмек.

Бул маселени чечип берүү талабы менен дарыгерлер оорукананын жетекчилигине кайрылганда коркутуу-үркүтүүлөр болгонун медкызматкер Зинаида айтты.

«Кенемте төлөө маселесин чечүү үчүн биз оорукананын администрациясына жана кесиптик кошуунга бир нече жолу кайрылганбыз. Алар документтер бардык түрдө жоголуп, эч жактан табылбай жатканын айтышты. Кийинчерээк дарыгерлерге арызды алып кетүү талабы менен жумуштан бошотууга чейинки коркутуулар боло баштады. Бизди бир-бирден кабинетке чакырып, дооматтардан баш тартууга мажбурлашты».

Дарыгерлер райондук, шаардык жана Башкы прокуратурага көптөгөн даттанууларды жөнөткөн, адвокат жалдашкан, бирок майнап чыккан эмес. Аталган маселе боюнча былтыр апрель айында иш козголуп, бирок «кылмыш белгилери жок» деген негизде токтотулган. Адвокат тергөөчүнүн ишти токтотуу тууралуу токтомуна каршы арызды Башкы прокуратурага жазган. Ага азырынча жооп бериле элек.

Дарыгерлердин нааразычылыгынан кийин Саламаттык сактоо министрлиги расмий сайтында айрым медициналык кызматкерлерге кенемте төлөөдөн баш тарткан бир катар учурлар боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматында «дарыгерлер оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болгон эмес» деген жүйө менен №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки каттоочусуна акы төлөөдөн баш тартылганы айтылат. Башка дарыгерлер ПЧР-тест тапшырбаганы, диагнозду тастыктоо үчүн башка бирөөнүн рентгенин колдонгону маалымдалды.

«Медициналык кызматкерлердин арасында ооруга чалдыккандардын жалпы саны 7 миң 747 адамды түздү, алардын ичинен 6 миң 478 медицина кызматкери министрликтин системасында иштеди. Алардын 4 миң 883ү компенсация алуу үчүн документтерин тапшырса, 1 миң 363 кызматкердин документи кабыл алынган жок. Айрым кызматкерлер сотко кайрылышкан. Бардык компенсация төлөмү түздөн-түз алуучулардын банктык эсебине которулган, бул себептен коррупциялык аракеттерге жол берилген жок».

Министрликтин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 31-декабрынан 2022-жылдын декабрына чейин жалпысынан 3 миң 520 медицина кызматкерине 629 миллион 579 миң сом кенемте төлөнгөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Венера Раимбачаева коронавирус пандемиясы маалында иштеп жүрүп оору жугузуп алган дарыгерлерге кенемте толук берилбей жатканын билдирип, өкмөт өкүлүн чара көрүүгө чакырган.

«2020-жылы ПЧР-тест талап кылынбаган учурда, «кара июль» убагында биздин көп медициналык кызматкерлер коронавирус жугузуп оорушкан. Эмне үчүн документтери өтпөй жатат? Кенемте төлөнүп берилбей жатат? Ушул маселени адилет карап коюңуздар. Ошол жылы биздин медкызматкерлер абдан оор убакытта иштеген».

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 406 миңден ашуун адам коронавирус жугузган. Илдеттен үч миңге жакын адам көз жумган. Быйыл 5-майда ДССУ пандемия аяктаганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM