Марал Радиосу

Кыргызстанда мыйзамсыз документ жасаган казак жараны кармалды

Жасалма кызматтык бланк, документтерди даярдоо каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Бул жаатта келип түшкөн маалыматтын негизинде УКМК кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, натыйжада К.Т.В. аттуу казак жараны кармалган.

Анын Бишкек шаарындагы жашаган жана иштеген жеринен жеке нотариалдык кеңсенин жасалма мөөрлөрү, Кыргызстандын туулгандыгы жана ажырашуу тууралуу күбөлүктөрү, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин расмий бланктары, И. Ахунбаев атындагы КММАнын дипломунун тиркемеси, ЖОЖдун зачёттук китептери, чет өлкөлүк жарандардын өздүгүн тастыктаган документтери табылган.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалган К.Т.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.