Марал Радиосу

Бишкекте ВИЧке карата акысыз текшерүүдөн өтүңүз

Бишкек шаарынын базарларында ВИЧке, вирустук гепатиттерге жана сифилиске текшерүүдөн акысыз өтүүгө болот. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору кабарлады.

Кабыл алуу мобилдүү дарылоо-профилактикалык клиниканын базасында жүргүзүлөт.

Жарандарга алгачкы консультация, экспресс ыкма аркылуу текшерүүдөн өтүү, терапевттин консультациясын алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.

Текшерүүнүн убактысы жана жери:

22-майдан 26-майга чейин Бишкектеги «Ош базары» соода комплексинде;

29-майдан 31-майга чейин «Дордой-Дыйкан» соода комплексинде;

1-июндан 5-июнга чейин «Сары-Өзөндө»;

5-июндан 9-июнга чейин Аламүдүн базарында.