Баткен окуясында жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирип жаткан 30дан ашык ишкердин атынан Жогорку Кеңештин төрагасына жана комитетке арыз түштү. Алар акчасын алалбай жатышат.
Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 25-майдагы жыйынында айтты.
«Баткен окуясында жабыркагандарга үй салуу үчүн мамлекет «Аманат строй» курулуш компаниясына ири суммадагы каражат бөлгөн. Ал фирма акчаны аты-жыты жок субаткаруучу компанияларга бөлүп берген, азыр акчанын дайыны жок болуп жатат. Вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевге да, сизге (Алмасбек Абытов) да айтышкан. 20 миллион сомго жакын акча берилбей жатканын, бул жумушчулардын айлыгы жана курулуш материалдарына кеткен акча деп айтып жатышат», — дейт Сүйүнбек Өмүрзаков.
Депутат Жогорку Кеңеште маселени кароо көп убакытты талап кыларын, Министрлер кабинети маселени тез арада чечип, мунун артында кимдер турганын иликтеп чыгышы керектигин белгиледи.
Баткенде былтыр 14-17-сентябрда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүгө тендерди «Аманат Строй Инвест» курулуш компаниясы утуп алган. Компания үйлөрдү куруу үчүн 33 субаткаруучу компания жалдаган.