Марал Радиосу

Баткен окуясы: Ишкерлер парламентке кайрылды

Баткен окуясында жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирип жаткан 30дан ашык ишкердин атынан Жогорку Кеңештин төрагасына жана комитетке арыз түштү. Алар акчасын алалбай жатышат.

Бул тууралуу  депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 25-майдагы жыйынында айтты.

«Баткен окуясында жабыркагандарга үй салуу үчүн мамлекет «Аманат строй» курулуш компаниясына ири суммадагы каражат бөлгөн. Ал фирма акчаны аты-жыты жок субаткаруучу компанияларга бөлүп берген, азыр акчанын дайыны жок болуп жатат. Вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевге да, сизге (Алмасбек Абытов) да айтышкан. 20 миллион сомго жакын акча берилбей жатканын, бул жумушчулардын айлыгы жана курулуш материалдарына кеткен акча деп айтып жатышат», — дейт Сүйүнбек Өмүрзаков.

Депутат Жогорку Кеңеште маселени кароо көп убакытты талап кыларын, Министрлер кабинети маселени тез арада чечип, мунун артында кимдер турганын иликтеп чыгышы керектигин белгиледи.

Баткенде былтыр 14-17-сентябрда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүгө тендерди «Аманат Строй Инвест» курулуш компаниясы утуп алган. Компания үйлөрдү куруу үчүн 33 субаткаруучу компания жалдаган.