Марал Радиосу

Бишкекте Эл аралык финансылык форум өтүүдө

Бүгүн, 25-майда Бишкекте Эл аралык финансылык форуму (BIFF2023) өтүүдө. Иш-чара быйыл Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналганы айтылды.

Форум «Технологилар, мүмкүнчүлүктөр жана туруктуу өнүгүү» темасынын алкагында өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында глобалдык тренддерди эске алуу менен төлөм рыногун санариптик трансформациялоо, ошондой эле туруктуу жана жашыл каржылоо маселелери талкууланууда.

Форумга Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн эксперттери катышууда.