Марал Радиосу

Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү

Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

24-майда таңкы саат 03:30да унаа жолдун 76-85-чакырым аралыгында жалпысынан 96 миң 651 куб метр кар көчкү жүргөн. Анын 9 миң 679 куб метри жолго түшүп, жол жабылган.

Тазалоо иштерине 2 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.

Министрликтин маалыматына караганда саат 18:30да каттам бир тараптуу ачылган.