Марал Радиосу

Мирлан Карагулов Базар-Коргон районунун акими болду

Мирлан Карагулов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы билдирди.

«Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Карагулов Мирлан Кынатбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Ал буга чейин Москва районундагы Предтечен айыл өкмөтүнүн башчысы, Москва районунун акиминин орун басары, ушул эле райондун акими кызматтарын аркалаган.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 22-майындагы акимдерди ротациялоо боюнча жарлыгынын негизинде Москва районунун акими кызматынан Тогуз-Торо районунун акими кызматына которулган.