Марал Радиосу

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Буга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 23-24-майда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында, Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.