Марал Радиосу

Кыргызстандан Казакстанга зер буюмдарын алып чыгууга аракет кылган адам кармалды

Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

19-майда «Акжол-автожол» өткөрүү пунктунда жалпы салмагы 25 кг 925 гр күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксат кагазы жок Казакстан тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстандын Б.А.М аттуу жараны кармалган.

Бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо, ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө жүргүзүлүүдө.