Марал Радиосу

Өзбекстан кайрадан Кытайга газ экспорттой баштады

Өзбекстан кайрадан Кытайга газ экспорттой баштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, Өзбекстан апрелде Кытайга 40,47 миллион долларга газ экспорттогон. Январь-март айларында газ сатылган эмес.

Өзбекстандын статистика комитети кабарлагандай, өткөн айда газдын жалпы экспорту 90,5 миллион долларды түзгөн. Бирок бул сумманын канчасы кайсы өлкөгө тиешелүү экени көрсөтүлгөн эмес.

Өзбекстан 2022-жылы чет өлкөлөргө 910,9 миллион долларга газ экспорттогонун билдирген. Ошол эле маалда кытай тарап былтыр 1,07 миллиард долларга өзбек газын импорттогонун кабарлаган. Бул Өзбекстандын маалыматындагы суммадан 159,5 миллион долларга же 18,2% көп.

Өзбекстандын энергетика министрлиги Журабек Мирзамахмудов эки өлкөнүн маалыматтарындагы айырмачылыкты Кытай түркмөн газынын экспортун да кошуп эсептеп жатканы менен түшүндүргөн.

Exit mobile version