Марал Радиосу

Ленин округу боюнча шайлоодо милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

№26 Ленин бир мандатуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинде өткөн онлайн кеңешмеде белгиленди.

Маалыматка караганда, Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участогунда милиция кызматкерлери тарабынан координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, шайлоо 28-майда өтөт. Шайлоодо 30 талапкер ат салышат.