Марал Радиосу

ӨКМ: Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө тапшырмасы берилди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара болуп саналган Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иши менен таанышты.

ӨКМдин маалыматына караганда, Чүй дарыясынын жээктери борпоң топурак жана кум-шагыл болгондуктан суу жеп, дарыянын нугу Кыргызстандын аймагына жылган. Буга ылайык аталган дарыянын жээктерин бекемдөө пландалган.

Бүгүнкү күндө Чүй дарыясынын сол жээгин бекемдөө боюнча биринчи кезекте курулуш иштерин жүргүзүүгө жалпы 5 объект каралып, анын 2 объектисинде иш баштоо үчүн мамлекет тарабынан 50 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү кабарланды. Алар:

— Сокулук районунун Камышановка айыл аймагына караштуу чек ара мамычасы жайгашкан Кыргызстандын аймагын коргоо боюнча дарыянын жээгин бекемдөө;

— Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айыл аймагына караштуу КРнын территориясын дарыя ташкынынан коргоо.

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иши эки аптанын ичинде башталары айтылды.