Марал Радиосу

Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу иштери аныкталды

«Чаткал» токой чарбасынын кызматкерлери мыйзамдарды одоно бузганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Чаткал райондук прокуратурасынын иликтөөсүнө караганда, токой чарбанын кызматкерлери «Э» аттуу компания менен келишим түзүп, «Каратөбө-Бузук» участогунан лицензияда көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна 42,9 га жерди 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижарага беришкен.

Мындан сырткары бул компания лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 гектар жерде мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 218-беренеси (мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.