Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 8,3 млрд куб метр суу бар

Бүгүн, 22-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 364 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 704 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 250 куб метрди түзүүдө.