Марал Радиосу

УКМК: Мыйзамсыз иштеген казино аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөткөн Р.Г. жоопкерчилиги чектелген коому кармалды.

Тергөөдө алардын тиешелүү документтери жок экени, мыйзамсыз иштеп келишкени аныкталган.

Тинтүү учурунда мыйзамсыз иштерден түшкөн ири суммадагы каражат табылган. ЖЧКнын кожоюндары салык төлөөдөн качып, нак кирешелерин жаап-жашырып келишкени тастыкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу, республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча тергөө жүргүзүлүп жатат.