Марал Радиосу

Эртеңден тарта аймактарда каржылык сабаттуулук боюнча октуулар өтөт

Эртең, 22-майдан тарта 7-июнга чейин Улуттук банк Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен каржылык сабаттуулук боюнча семинарларды уюштурат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, семинарлар Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй облустарынын тургундары үчүн өткөрүлөт.

Буга чейин Улуттук банктын жана аталган уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчилиги алдында эксперттер тобу каржылык сабаттуулук боюнча базалык стандарттарга негизделген экспресс-курс иштеп чыгышкан.