Марал Радиосу

ӨКМ: Оштогу имаратта чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бүгүн, 21-майда Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Таш-Рабат комплексинин имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм, 1 авто шаты, Өрт өчүрүү штаб, ыкчам топ тартылды.

Мындан сырткары жеринде ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.