Марал Радиосу

Бишкекте эртең ысык суу берүү токтотулат

Бишкек шаарында эртең, 22-майдан тарта бир айга ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Мындай чечим жыл сайын боло турган профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында жана кышка даярдануу үчүн кабыл алынган.

Exit mobile version