Марал Радиосу

21-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.