Марал Радиосу

Экология министри коомчулукту таштанды таштабоого чакырды (видео)

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев кыргызстандыктарды таштанды таштабоого чакырды. Ал мындай видео кайрылуусун Фейсбук баракчасынан жарыялады.

Анын айтымында, Кыргызстанда таштанды маселеси курч бойдон калууда. Ошондуктан таштанды маселеси тез арада чечилбесе, жаратылышка чоң зыянын тийгизүү коркунучу бар.

Ал келечек муундарга таза Кыргызстанды өткөрүп берүүнү каалайт.