Марал Радиосу

Кыргыз-япон колледжин ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бишкекте кыргыз-япон колледжин ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кыргыз-япон адамдык өнүгүү борборунун директору Ивай Ацуму, Япониянын Copel корпорациясынын президенти, Фукуока университетинин профессору Нобуюки Оцубо, Copel методологиясынын авторлошу Кана Оцубо менен жолугушту.

Жолугушуунун катышуучулары билим берүү маселелерин, өнүгүү илиминин жаңы жетишкендиктерине негизделген тарбиялоо методикасын, кыргыз-япон колледжин ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.