Марал Радиосу

Муфтият битир-садакадан муктаждарга 2,8 млн сом таратканын билдирди

Муфтият Орозо айында чогулган битир-садаканын эсебинен жардамга муктаж жарандарга 2 млн 840 миң сом таратканын кабарлады.

Анын ичинен 1 млн 152 миң сому операция боло турган бейтаптарга жана майыптарга берилгени, калган 940 миң сому ата-энесиз балдарга берилгени айтылды.

Быйыл өлкө боюнча 54 млн сом битир-садака топтолгон. Жыйналган каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүнгөн.

Жогоруда муктаж жарандарга таратылган акча каражаты Муфтиятка бөлүнө турган 10 пайыз битир-садаканын эсебинен берилди.

Exit mobile version