Марал Радиосу

Акыйкатчы институтунун жетекчиси жамаатка тааныштырылды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев бүгүн, 18-майда акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны эмгек жамаатына тааныштырды.

Жаманбаева өз сөзүндө команда менен биргеликте Акыйкатчы институтунун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган ишин күчөтүү ниетин билдирди.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы жыйынында мурдагы прокурор Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланган. Анын талапкерлигин «Мекенчил» депутаттык тобу менен «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн.