Марал Радиосу

Бишкекте кулпунай фестивалы өтөт

Бишкекте кулпунай фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясынан кабарлашты.

Фестивалга келген меймандар ар кандай сорттогу мөмө-жемиштин даамын татып көрүшүп, аларды өстүрүү, ар кандай азыктарды, татымдарды, ширелерди алуу жолдору менен таанышып чыгышат.

Иш-чара ишемби, жекшемби (20-21-майда) күндөрү Айыл чарба министрлигинин имаратынын алдында саат 15:00дөн 22:00гө чейин өтөт.