Марал Радиосу

Кадыр Сайдилкан Эверест чокусун багындырган үчүнчү кыргызстандык (видео)

Кыргызстандык ишкер Кадыр Сайдилкан «7 континентте 7 чоку» доолборунун алкагында альпинист катары Эверест чокусуна чыкты.

Ал 17-майда таңкы саат 07:40 чамасында Эверестке кыргыздын желегин желбиретип, Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» китебин чокуга алып чыкты.

Кадыр Сайдилкан ага чейин Килиманжаро (Африка), Эльбрус (Европа), Аконкагуа (Аргентина-Түштүк Америка), Денали (Аласка-Түндүк Америка), Винсон (Антарктида) чокуларын багындырган.

Дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти 1997-жылы кыргызстандык Дмитрий Греков, 2021-жылы Эдуард Кубатов багындырышкан.